«2 млн сом таап кой». Ошто жаш жигитти сабап, унаасын тартап алгандар кармалды

«2 млн сом таап кой». Ошто жаш жигитти сабап, унаасын тартап алгандар кармалды

Ош облусунун Араван районунда каракчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 22-апрелде Араванда денесинен жаракат алган 22 жаштагы тургун ооруканага түшүп, бул тууралуу милицияга кабар берилген.

Ооруканага ыкчам-тергөө тобу барып, териштирүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталгандай, 21-апрелде болжол менен саат 23:30да жаш жигит унаасы менен бара жатканда, ак түстөгү унаа аны сүзүп токтоткон. Унаанын ичинен беткапчан эки адам чыгып, жаш жигитти ур-токмокко алып, бычак менен коркутуп, колунун билегин кескилеп, унаасын тартып алган. Андан кийин «тез арада 2 млн сом таап кой» деген талап коюп, жаш жигитти окуя болгон жерге калтырып кетишкен.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 2 жаран кармалды. Бири — Араван районунун 32 жаштагы тургуну С.Т. Бишкекте изин жашырып жүргөн жеринен колго түшүрүлгөн. Экинчиси – 29 жаштагы Х.Ш. Өзгөн районунан кармалган. Ал Өзгөндө туулуп-өсүп, кийин башка өлкөнүн жарандыгын алган.

Учурда кармалгандардын башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу такталууда.

Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>