Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Чүйдө “Коопсуз шаардын” камерасын аткылап кетишти
25.06.2019 | 16:30
Бишкек-Торугарт унаа жолуно орнотулган “Коопсуз шаардын” камерасын белгисиз адамдар аткылап кетишти. Чүй облустук милициянын маалыматына карганда окуя бүгүн, 25-июнда эрте менен болгон.
Камеранын талкалангандыгы тууралуу болжол менен саат 10:56да Аламүдүн райондук милицияга билдирүү түшкөн. Окуя болгон жеге барган милиция кызматкерлери камераны кимдир бирөө курал менен аткылап кетишкенин аныкташкан.
Учурда бул факт кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталып, кылмышта жасагандарды аныктоо иштери аткарылууда.
Айта кетсек, 14-апрелде да Кемин районундагы Бишкек-Торугарт унаа-жолуна коюлган камераны белгисиз адамдын аткылап кеткени катталган.
Рубрики: Жаңылыктар