Баткен облусунун аймагынан жалпы 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 128 760 жаран Баткен облусуна кайткан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, калкты эвакуациялоого жана жарандарды алып келүүгө ӨКМден 52 тонна 700 литр күйүүчү май бөлүнгөн.
Бүгүнкү күндө эвакуациялык пункттарда 1 296 жаран жайгашышкан, анын ичинен Ош шаарында 13, Баткен облусунда 369, Жалал-Абад облунда 17, Ысык-Көл облусунда 59, Чүйдө 838 адам бар.
Ал эми жергиликтүү бийлик тарабынан үйлөрү жараксыз болгон жарандар үчүн жалпы облус боюнча 8 мекеме 64 бөлмө, 218 жеке жарандардын үйлөрү даяр. Буга кошумча 149 боз-үй, 29 чатыр (127 даана боз үй, 29 чатыр райондорго берилди.
Ошондой эле Баткен облусунда кампада 1 комплект кийиз үй, 22 боз үй, 3 мобилдик үлгүдөгү, 1100 комплект керебет, матрац, жаздык, шейшеп, 140 печка-буржуйка, 300 даана электр жылыткычы сактоодо турат.
Кырдаалдын кесепетинен бузулган курулуштарды Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, 661 турак үй жабыраган, 423ү жашоого жараксыз, 238 оңдоп-түздөөгө муктаж, 11 административдик, стратегиялык, 27 социалдык объект, 335 сарай, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объект, 61 унаа жабыркаган жана унаа өтүүчү 1 көпүрө жабыркагандыгы аныкталган.
Кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жана кайра калыбына келтирүү иштерине ӨКМ тарабынан бүгүн 60 жеке курам, 36 атайын техника, жергиликтүү бийликтен 14 техника тартылды.
Облус боюнча 359 турак үй бузулуп, ӨКМ тарабынан 333 турак үй, жергиликтүү бийлик тарабынан 27 турак үй бузулуп тазаланган. Жалпысынан 97 742 м3 курулуш таштандыларын чыгарышкан.
Жабыркаган жарандар үчүн Баткен облусуна жалпы 1636 тонна гумжардам келип түшкөн. Анын ичинен 322 тоннасын ӨКМ, 1134 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген.
Гуманитардык жардамдарды чогултуу жана таркатуу жайлары боюнча маалымат: Жалпы Баткен облусунун аймагында 16 жерде гуманитардык жардамдарды чогултуу жана таркатуу жайлары уюштурулган жана ар бир таркатуу жайында ӨКМден бирден жооптуу кызматкер дайындалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз