Айпери Медет кызы Албаниядагы рейтингдик турнирде дүйнө чемпионун жеңип, алтын алдыИрандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болдуКооптуу: Бишкекте жарамазан айткан балдарга байланыштуу көзөмөл күчөтүлөтАт-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылдыЖаз: 1-мартка карата аба ырайыИранда кыздар мектебине жасалган авиасоккудан 40тай киши каза болгону айтылууда
Чек ара: Исфана-Баткен жана Исфара-Ворух жолдору ачылды
25.07.2019 | 09:36
Бүгүн, 25-июлда Кыргыз-Тажик чек арасында кырдаал туруктуу. Исфана-Баткен жана Исфара-Ворух жолдору ачылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.
Учурда эки өлкөнүн чек арачылары күчөтүлгөн режимде иш алып барышууда. Жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү уланууда.
Белгилей кетсек, 22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атылган. Жаңжалдан бир нече адам жабыркаган. Кырдаалды жөнгө салуу жана жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында бир нече жетекчилер жаңжал чыккан аймакка барган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар