Бүгүн, 17-сентябрь саат 02:30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон калууда. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой ок атууну токтотуу макулдаштыгы учурунда Богдари конушунда Тажикстандын жарандары күнөөнү кыргыз тарапка оодаруу максатында өз үйлөрүн өрттөй баштаган.
«Тажикстандын жарандарынын мындай аракеттери кыргыз тарапты үйлөрүн жок кылууга айыптоо максатында алдын ала ойлонуштурулган чагымчылдыгы болууда», — деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз