Чек арачыларга Бишкек шаарынан батирлер тапшырылды

Чек арачыларга Бишкек шаарынан батирлер тапшырылды

Бүгүн, 11-июнда УКМКнын Чек ара кызматынын 77 кызматкерине жаңы батирлердин ачкычтары тапшырылды. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, чек арачыларга “Менин үйүм” турак-жай программасынын алкагында Бишкек шаарындагы “Мурас Ордо” турак жай комплексинен батирлер берилген.

Ачкыч тапшыруу аземине УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев катышкан.

“Жаңы үйлөрдү жана батирлерди тапшыруу жөн эле ачкычтарды берип коюу эмес, бул сиздердин сиңирген эмгегиңиздерге жана Мекенди коргоодогу жан аябас кызматыңыздарга баа берүү. Сиздердин оңой эмес ишиңерди, чек ара кызматындагы орчундуу кыйынчылыктарды жеңип, ар күн сайын кайраттуу, ак ниет кызмат өтөп келе жатканыңарды мамлекет жогору баалайт”,- деген ал иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө.

Чек ара кызматы акыркы беш жыл аралыгында 570тен ашык чек арачылардын үй-бүлөлөрү жаңы батирлерди алышканын билдирди.

«Бул жылы дагы 100 үй-бүлө Баткен жана Ысык-Көл облустарында ак өргөлүү болушат. Жылдын аягына чейин дагы 60 чек арачы Бишкекте жаңы батирлердин бактылуу ээлери болушат. Чек ара кызматы үчүн 60тан ашуун объекттер тургузулуп, дагы 30нун курулушу жүрүп жатат»,- деп айтылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>