Чек арада 42 млн сомдук мыйзамсыз жүк кармалды

Чек арада 42 млн сомдук мыйзамсыз жүк кармалды

“Кең-Булуң-автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун чек арачылары катталбаган ири жүктү мыйзамсыз алып бараткан унааны кармады. Бул тууралуу тийешелүү мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Чек ара кызматы автоунааны текшерүү учурунда тиешелүү документтери жок экенин аныктаган. Унаада ири өлчөмдөгү эл керектөөчү товарлар табылган:

  • 30,3 миң флакон аялдарга таандык атыр;
  • 380 кол чатыр;
  • 40 миң көз айнек;
  • 6,3 миң көз айнек сактоочу куту;
  • 4,8 миң даана көз айнекке кам көрүү каражаттары;
  • үй үчүн 40 куту батареялары;
  • 2,5 миңден ашык аялдар кремичек ара
  • 1000 таңгак нымдуу сүлгү.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган жүктүн баасы 42 миллион сомго жакын деп бааланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: чек ара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>