Чек арада каза болгон эки кыргызстандык сейрек өсүмдүктүн тамырын казууга барганы айтылды

03.09.2025 | 13:15

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Жайлообай Нышанов кыргыз-өзбек чек арасында Өзбекстандын чек арачылары тарабынан атылган эки кыргызстандык жаран тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, 1997 жана 2002-жылы туулган эки жаш жигит 21-августта үйүнөн чыгып кетип, 11 күндөн бери дайынсыз болуп келген. Алардын жансыз денелери 1-сентябрда Кыргызстанга жеткирилген.

Нышановдун белгилешинче, жарандар демаркация иштери жүргүзүлбөгөн тоолуу аймакта чек араны байкабай кесип өтүп кетишкен. Алар сейрек кездешүүчү, Кызыл китепке кирген өсүмдүктүн тамырын казууга барышкан.

«Анын тамырынын баасы 2020-жылдан бери 300дөн 1000 сомго чейин жеткен. Аны чет өлкөлүктөр сатып алышат экен. Жарандар эндикти казабыз деп барышкан. Бул көрүнүштү токтотушубуз керек. Жаратылыштын да ээси бар», — деди депутат.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top