Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Ысык-Атадагы кичи ГЭСтин курулушун каржылайт
03.09.2025 | 13:36

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Туюк дарыясында чакан ГЭС курулат. Долбоор Кыргызстандын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат. Бул тууралуу аталган банк билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы баасы 516 млн сомду түзөт.
Кичи ГЭС жылына 29,16 млн кВт саат электр энергиясын өндүрө алган кубаттуулукка ээ болот. Бул көлөм 15 миңге чейин адамды электр энергиясы менен камсыз кылууга жетет. Бул аймактагы энергетикалык тартыштыкты кыскартат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом