Чек арадагы эл курал берүүнү талап кылууда — видео

Чек арадагы эл курал берүүнү талап кылууда — видео

Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундары элге курал берүүнү талап кылууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар түз эфирде билдиришти.

Алардын айтымында, жыл сайын кыргыз тарапты артты көздөй сүрүп келе жатат.

“Эгер бизди камабаса, анда өзүбүз мылтык таап, өзүбүздү коргоп алабыз. Элдер мылтык алсак камайт деп коркуп калган. Эгер абал курчуй берсе, анда кайрадан жашыруун мылтык алып, өзүбүздү коргогонго туура келет. 4 миң кошолукта 15 миңдей адам бар, өзүбүздү коргой алабыз. Эгерде бизге уруксат берсе 15 мүнөттө чыгарып салабыз. Биз тажиктерден коркпойбуз, аларга басып барбайбыз. Бизге кыянаттык кылса жөн эле карап тура албайбыз. Өзүбүздүн жердеги жолдон өтө албай калдык”, — деди атын атабаган тургун.

Ошондой эле бийлик менен аскерлер кыргыз жерин коргой албаса эл өзү коргоого, керек болсо өлүмгө барууга да даяр экенин кошумчалады.

“Марипов каналды алдырып коюпбуз дегенден ушул чыр чыкты. Эгерде чын болсо Марипов келип далилдеп берсин, бул документтер менен өткөрүп бергенбиз деп. Же болбосо мен адашып калыпмын деп мойнуна алышы керек. Туура эмес сүйлөгөн же жардамчылары туура эмес маалымат берген. Марипов эл менен жолуксун, ал керек болсо бул жерди көргөн эмес”, — дейт Бекболот Нажимидинов.

Буга чейин топтолгон эл Көк-Таш айылындагы жаш балдар менен аялдар Баткенге жеткирилгенин жана  кыргыз жеринде жайгашкан аскер бөлүмүн аткылап, кызматкерлер эч кандай каршылык көрсөтө албай качып чыкканын айтышкан.

Белгилей кетсек, 29-апрелде Баткен районунун Көчө-Бою аймагында абал курчуп кеткени айтылган. Кырдаалдын курчушуна Тажикстандын жарандарынын чагымчыл аракеттери себеп болгон. Алар кыргызстандыктарга жана алардын үйлөрүнө таш ыргыта башташкан.

Ал эми облустук милиция Баткендеги чек арада атышуулар уланып, жаракат алгандар бар экенин билдирген. УКМК болсо Тажикстандын чек ара кызматы телефон чалууларды кабыл албай жатканын кошумчалаган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>