Бишкекке Кытайдын C909 учуучу госпитали келдиКыргызстанда биринчи улуттук спутник иштелип чыкты. Ал айыл чарба тармагында колдонулатБишкекте дарыгерлер 2 жаштагы баланын кызыл өңгөчүнөн тыйынды алып чыгыштыСуучул Денис Петрашов Азия оюндарында күмүш медаль уттуБишкекте 25-сентябрдан тартып №43 автобустун каттамы өзгөрөтШайназаров: БШК шайлоо менен алектениши керек, лотерея менен эмес
УКМК: Тажикстандын чек ара кызматы телефон чалууларды кабыл албай жатат
29.04.2021 | 09:41
Бүгүн, 29-апрелде Баткен районунун көчө бою аймагында абал курчуп кетти. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырдаалдын курчушуна Тажикстандын жарандарынын чагымчыл аракеттери себеп болгон. Алар кыргызстандыктарга жана алардын үйлөрүнө таш ыргыта башташкан.
Андан кийин тажик тараптан жолдон өткөн Кыргызстандын унааларына мергенчилик куралдар менен ок чыгарышкан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргызстандыктардын арасында жаракат алгандар бар. Ал эми тажик тараптан маал-маалы менен ок чыгып жатат.
Ошондой эле Тажикстандын Чек ара башкармалыгынын жетекчилиги телефон чалуулардын кабыл албай жатканы кабарланды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар