Баткендеги чек арада атышуулар уланып, жаракат алгандар бар

Баткендеги чек арада атышуулар уланып, жаракат алгандар бар

Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө таджик жарандары тарабынан ок атылды. Мындай билдирүүнү облустук милициядан тастыкташты.

“Бүгүн, 29-апрелде эрте менен саат 05:45 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө таджик жарандары тарабынан ок атуучу курал менен октор  атылып,  ошол айыл аркылуу өтүүчү Ош-Исфана жолундун боюнда жайгашкан Таджикстандын Майский айылы тараптан жолдон өкөн автоунааларга таштар ыргытылып баштаган”, — деп билдиришти.

Бул факты 266-берене (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш ишке алынган.

Таджик тарап аткан октон Баткен районунун Көк-Таш айылынын 30 жаштагы тургунунун оң көзүнө ок тийип, жергиликтүү айылдык ооруканага түшкөн. Бул жагдай 39/130-берене (киши өлтүрүүгө аракет кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Азыркы учурда Көк-Таш айыл элинин коопсуздугун сактап, абалды турукташтыруу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатканы кабарланат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>