«Чет элдик өкүл». Депутаттардын АКШ, Европага жолун бөгөөгө кол топтолууда

«Чет элдик өкүл». Депутаттардын АКШ, Европага жолун бөгөөгө кол топтолууда

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова демилгелеген «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун колдогон эл өкүлдөрүн каршы жеке жана визалык санкцияларды киргизүү сунушу менен петиция жарыяланды. Ал активист Умай Арыкова тарабынан change.org сайтына жайгаштырылды.

Петициянын автору Жогорку Кеңеште бийликтин медиа өкүлдөрдү, жарандык активисттерди жана өлкө жетекчилигин сынга алган уюмдарды куугунтуктоосуна жол ачкан мыйзам долбоор каралып жатканын белгилейт.

«Бул орус мыйзамынын толук көчүрмөсү. Ал цензурага жана сөз эркиндигин чектөөгө алып келет», — дейт Умай Арыкова.

Автор долбоорду демилгелеген депутаттардын жакындары АКШ жана батыш өлкөлөрүнө барып келип, билим алып жатканын айтат.

«Петицияга кол коюңуздар, депутаттардын балдары, туугандары душман катары көргөн өлкөлөрдүн визасын албасын», — дейт Умай Арыкова.

Жогорку Кеңеш «Коммерциялык эмес уюмдар» жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган.

«Чет элдик өкүл». Нарматованын долбоору биринчи окууда кабыл алынды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>