Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
«Чет элдик өкүл». Нарматованын долбоору биринчи окууда кабыл алынды
25.10.2023 | 11:14
Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйында «Коммерциялык эмес уюмдар» жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.
Каттоодон өткөн 72 депутаттын 52си долбоорду колдоп, 7 гана эл өкүлү каршы чыкты.
Белгилей кетсек, мыйзам долбоорго Министрлер кабинети дагы колдоосун билдирген. Бир катар эл аралык уюмдар парламент Надира Нарматованын сунушун колдосо, Кыргызстанга донордук жардам токтотуларын эскертишкен.
Надира Нарматованын мыйзам долбоорунда төмөнкү өзгөртүүлөр сунушталууда:
- Чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм, чет өлкөлүк өкүл түшүнүгү киргизилет.
- Бейөкмөт уюмдарга мамлекеттик саясатты өзгөртүүгө, саясий акцияларды уюштурууга жана катышууга тыюу салынат. Ал саясый ишмердик болуп саналат.
- Коммерциялык эмес уюмдар отчет берүүчү органдардын саны көбөйтүлөт.
- Кылмыш жаза кодексинде жоопкерчилик катары 50-200 миң сом айыппул, же 5-10 жылга эркинен ажыратуу каралууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом