Чет элдик студенттерге Кыргызстан коопсузбу? Министр индиялык журналисттер менен жолугушту

Чет элдик студенттерге Кыргызстан коопсузбу? Министр индиялык журналисттер менен жолугушту

Чет элдик студенттердин Кыргызстандагы коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Индиянын “INH News”, “Janta TV” телеканалдарынын, “Haribhoomi” гезитинин башкы редактору Химаншу Двиди (Himanshu Dwidi) менен жолугушууда билдирди.

Ал 17-18-майда Бишкек шаарындагы тополоң боюнча интернетте фейк маалыматтар таркап жатканын белгиледи.

“Ар бир ата-эненин тынчсыздануусун түшүнүү менен кабыл алам. Интернетте кырдаалды бурмалаган билдирүүлөр болгондуктан ата-энелердин тынчсыздануусун күчөттү. Азыр кырдаал Президенттин жана өкмөттүн катуу көзөмөлүндө турат”, — деди Докдуркүл Кендирбаева.

Министр чет элдик студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн окуу он-лайнга өткөрүлгөнүн айтты.

Пакистандык студенттер учакка билет сатып алууда. Чет элдиктер нааразы

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>