Чет элдик унааларды мыйзамсыз каттоого алып келишкен «Унаа» мекемесинин мурунку кызматкерлери кармалды

Чет элдик унааларды мыйзамсыз каттоого алып келишкен «Унаа» мекемесинин мурунку кызматкерлери кармалды

УКМК автоунааларды мыйзамсыз каттоого алган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин мурдагы кызматкерлери чет өлкөлөрдөн ташылып келген, каттоосу жок автоунааларды каттоого алуу, ошондой эле «конструкторлор» деп аталган адамдар тарабынан үчүнчү жактарга кайра сатуу максатында кылмыштуу схеманы уюштурушканы белгилүү болгон.

«2025-жылдын февралына чейин «Унаа» мамлекеттик мекемесинде адис кызматын ээлеген, кылмыштуу схеманын уюштуруучулары А.Ш.Т. жана О.у.Т. акчалай сыйлык алуу үчүн Армения жана Абхазия республикаларынан тиешелүү документтери жок Кыргызстанга алынып келинген автотранспорт каражаттарынын ээлерин каттоого алууну сунушташкан. Ошол эле учурда алар жеңил жана оор жүк ташуучу (жүк ташуучу) транспортторду документи жок каттатканы жана бажы төлөмдөрүн төлөгөндүгү үчүн Транспорт жана коммуникациялар боюнча мамлекеттик агенттиктин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине пара катары накталай акчаларды которуп беришкен»,- деп айтылат маалыматта.

Ыкчам тергөөнүн жыйынтыгында, 30-майда жогоруда аталган жарандар А.Ш.Т. жана О.у.З.  Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин кызмат адамдарына 8 миң 800 доллар өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>