Кыргызстанда ресторандар менен мейманканалардын жүгүртүүсү бир жылда дээрлик 25%га өстүУКМК төрагасынын биринчи орун басары Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри Досмамбетов кармалдыКыргызстанда 2025-жылы соода жүгүртүү 2,2 триллион сомдон аштыБаткен облусунда ата-энесинен ажыраган 13 бала жер тилкесин алды«Кесипти эмне кыласың, баары бир турмушка чыгасың»: бир ооз сөз келечекти кантип уурдайтУКМК бажы кызматкерин кармады: жарык берүүчү мамылар металл сыныгы катары катталган
Комсомол чокусунан түшө албай калган 35 жаштагы жаран куткарылды
02.06.2025 | 13:41
Комсомол чокусунан бутун кокустатып алып, түшө албай калган жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Кечээ, 1-июнь күнү “Ала-Арча” жаратылыш паркында 35 жаштагы жаран Комсомол чокусуна жүрүш жасап, кайра келе жатканда бутун оорутуп алгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
ӨКМнын куткаруучулары жабырлануучуга өз убагында биринчи медициналык жардам көрсөтүп, андан кийин коопсуз аймакка эвакуациялап, тоодон алып түшүшкөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар