КР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталдыБакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — КуловБишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты аяктады. Кыргызстандын капчыгында 5 алтын бар
Чет өлкөлүктөргө Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз бергендер кармалды
22.07.2025 | 10:32
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жасалма сот чечимдеринин негизинде чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз берүү фактысын аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун кызматкери И.Ы.О. (1977-ж.т.) жана Өзгөн райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы С.Э.О. (1981-ж.т.) алдын ала сүйлөшүп алып, акча каражатына кызыгып, чет элдик жарандарга жасалма сот чечимдерин берип турушкан.
Тергөө иштеринин жыйынтыгында, 16 адамга жарандык мыйзамсыз берилгени такталган.
Ош шаардык сотунун чечими менен шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына эки айлык мөөнөткө камакка алынды.
Рубрики: Жаңылыктар