Бишкек шаарындагы Чоң Чүй каналында (П.Лулумба көчөсү менен кесилишкен жерде) агып бараткан белгисиз жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Анда айтылгандай, окуя тууралуу кабар куткаруучуларга 1-июль күнү саат 21:25те түшкөн.
Куткаруучулар айтылган дарекке барып, европа улутундагы эркек адамдын жансыз денесин чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда өздүгү такталууда.