Чолпон-Атада “Акылман” президенттик лицейи ачылды (сүрөт)
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-августта Чолпон-Ата шаарында өзгөчө шыктуу балдардын “Акылман” президенттик лицейин ачты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
[image_carousel source=”media: 196505,196504,196503,196502,196501,196500,196499,196498,196497,196496″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Лицейде 400гө жакын окуучу билим алат деп болжолдонууда. Бул кыргыз-англис лицейи болот. Окуучулар лицейге бардык аймактардан, жыл сайын өтүүчү сынактык тандоонун жыйынтыгы менен кабыл алынат. Балдар аталган билим берүү мекемесине 7-класстан кийин кабыл алынат.
“Мугалимдер дагы сынактык негизде тандалып алынат. 2023/24-окуу жылына балдарды кабыл алуу аяктап, 75 окуучу кабыл алынды. Лицейде окуу, жатакана жана тамактануу акысыз, окуучулар үчүн да, окутуучулар үчүн да ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Чыгымдар мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат”, – деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, лицейде математика, физика, химия, биология сабактарына басым жасоо пландалууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз