Чолпон-Атада «Акылман» президенттик лицейи ачылды (сүрөт)

Чолпон-Атада «Акылман» президенттик лицейи ачылды (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-августта Чолпон-Ата шаарында өзгөчө шыктуу балдардын «Акылман» президенттик лицейин ачты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Лицейде 400гө жакын окуучу билим алат деп болжолдонууда. Бул кыргыз-англис лицейи болот. Окуучулар лицейге бардык аймактардан, жыл сайын өтүүчү сынактык тандоонун жыйынтыгы менен кабыл алынат. Балдар аталган билим берүү мекемесине 7-класстан кийин кабыл алынат.

«Мугалимдер дагы сынактык негизде тандалып алынат. 2023/24-окуу жылына балдарды кабыл алуу аяктап, 75 окуучу кабыл алынды. Лицейде окуу, жатакана жана тамактануу акысыз, окуучулар үчүн да, окутуучулар үчүн да ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Чыгымдар мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат», — деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой,  лицейде математика, физика, химия, биология сабактарына басым жасоо пландалууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>