Видео: Чолпон-Атада кар тазалаган кызматкерлерге ысык чай уюштурулду

12.01.2023 | 20:04

Чолпон-Ата шаарында тартип сакчылары коммуналдык кызматтардын кызматкерлерине ысык чай уюштурушту. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү жана балдар иштери боюнча инспекторлору катуу суукка карабай, Чолпон-Ата шаарынын көчөлөрүн кардан тазалоо үчүн чыгып жаткан коммуналдык кызматтардын кызматкерлерине ыраазычылык билдирүүнү чечишти.

“Ушундай катуу суукта, чын жүрөктөн сунулган ысык чай менен таттуулар иш процессине өзгөчө күч-кубатты берет. Ошондуктан, коммуналдык кызматтардын кызматкерлерине таттуу кошулган ысык чайды ыраазычылык иретинде таратууну чечтик. Анткени, ушул суук күндөрү сыртта иштөө канчалык кыйын экендигин биз өзүбүз жакшы билебиз”, – деп белгилешти милиционерлер.

[image_carousel source=”media: 173161,173162,173163,173164″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top