Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
18-январга чейинки аба ырайы
12.01.2023 | 20:08
Гидрометеорология кызматы Кыргыстандын аймагында 18-январга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Маалыматка караганда, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын облустарында жана Бишкек шаарында 13-18-январларда кар жаашы күтүлбөйт.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши мүмкүн.
Ал эми Ысык-Көл облусунда 13-14-январларда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. 15-18-январларда кар жаашы күтүлбөйт.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-январда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом