Ысык-Көлдөгү ат майдандын жанындагы 11,7 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган жер Чолпон-Атадагы ат майдандын түштүк тарабында, көл жээгинде жайгашкан. Ал буга чейин мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталган. Текшерүүнү жыйынтыгы менен жер мамлекетке кайтарылган. Анын баасы 392 млн 652 миң сомго жетет.