Чолпон Шаикова ШКУнун Маданий интеграция борборунун директору болуп дайындалды

Чолпон Шаикова Шанхай кызматташтык уюмунун «Маданий интеграция борбору» мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Шаикова буга чейин Ысык-Көл облустук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын, ошондой эле Чүй телерадиоберүү компаниясынын СТВ телеканалынын директору болуп иштеген.
Ал Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин бүтүргөн. 2014–2018-жылдары Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө медиа координатор катары катышкан. Ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясында жана World Ethnogames коомдук фондунда пиар-менеджер болуп эмгектенген.
Мындан тышкары, Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты, жаштар бирикмелеринин төрайымы, Кызыл Чырым жана Жарым Ай уюмунун Ысык-Көл райондук комитетинде бөлүм башчысы болгон.