Бишкек шаарынын Осмонкул көчөсүн кесип өткөн Чоң чүй каналына 11 жаштагы Л.Л. атту бала түшүп кеткен. Шаардык куткаруучулар келгичекти жергиликтүү тургундар жөн турушпай баланы суудан чыгарышып, куткаруучуларга өткөрүп беришкен. 5 куткаруучу барган. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Баланын абалы туурасында так маалымат жок. Эмне болуп түшүп кеткени да белгисиз.