Кыргызстан Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен жарандарды эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөКыргызстанда зер буюмдарын легалдаштыруу аяктады: суммасы 16,8 млрд сомдон аштыОш шаарында Мамлекеттик туунун 34 жылдыгы белгилендиКыргызстанда нан кайсы жерде эң кымбат жана эң арзан?Саламаттык сактоо министри түштүк аймактардагы дарыканаларда электрондук базанын иштешин текшердиТамак-аш, жатакана жана эвакуация: Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы өз жарандарын таштаган жок
Чу дарыясына түшүп кеткен киши беш күндөн бери табылбай жатат
20.04.2025 | 14:39
Чу дарыясына түшүп кеткен жаранды издөө иштерин улантуу максатында бүгүн, 20-апрель күнү жерине Сокулук райондук №23 ӨКБдан 4 куткаруучу, Аламүдүн районунан 5 куткаруучу, Ысык-Ата районунан 4 куткаруучу жана 1 дрон тартылды.
Кошумча ИИМден 35 милиция, УКМКнын чек ара кызматынан 7 кызматкер, туугандарынан 15 адам чыкты. Жалпы 70 адам, 1 дрон, 2 кинолог тартылган.
Белгилей кетсек, 15-апрелде Аламүдүн районунун Васильевка айылында Чу дарыясына 1990-жылы туулган М.А. аттуу эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат “112” кызматына келип түшкөн. Издөө иши тынымсыз уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар