Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Кыргызстандык мушкерлер АКШдагы чемпионатта 6 медаль утушту
20.04.2025 | 16:29
Бокс боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү АКШнын Колорадо штатынын Пуэбло шаарында өткөн эл аралык ачык чемпионатта 6 медаль (4 алтын, 1 күмүш, 1 коло) жеңип алышты.
Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын маалыматы боюнча, алтын медалдын ээлери төмөнкүлөр:
-50 кг Анвар Ходжиев;
-55 кг Зафарбек Камилов;
-60 кг Мунарбек Сейитбек уулу;
-70 кг Ыктияр Нишанов.
Күмүш медалдын ээси:
-70 кг Эльдар Турдубаев;
Коло медалдын ээси:
-65 кг Алмаз Орозбеков;
Мелдешке команда башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана улук машыктыруучу Акыйкат Абаевдин жетекчилигинде катышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар