Кыргызстандын унаа жолдоруна кар түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 16-17-ноябрь күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тактап айтканда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 5-14 чакырымдарында (Өтмөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Телеграм каналыбызга катталыңыз