БУУ: Индиянын калкы келерки жылы Кытайды басып өтөт

БУУ: Индиянын калкы келерки жылы Кытайды басып өтөт

Индия келерки жылы Кытайды басып өтүп, дүйнөдөгү калкы эң көп өлкөгө айланат. Бул тууралуу БУУнун шейшемби күнү жарыяланган баяндамасында айтылат.

1,4 миллиард калкы бар бул мамлекет жакынкы бир нече он жылдыкта шаар калкынын кескин өсүшүн көрүп калышы толук мүмкүн. Бул адистерди тынчсыздандырат, анткени Индиянын метрополитандары толуп кеткен жана керектүү инфраструктурага ээ эмес.

Мумбайда калктын 40% га жакыны суусу, электр жарыгы жана канализациясы жок караңгы райондордо жашайт. Дал ушул жакырчылыктын деңгээли жогору болгон өлкөлөрдө калктын өсүшү олуттуу көйгөйлөрдү жаратаарын белгилешет докладдын авторлору.

Кытайга келсек, 1980-2015-жылдар аралыгында жүргүзүлүп жакында жокко чыгарылган “бир бала саясаты”  сезилип жатат. БУУ келерки жылдан баштап Кытайдын калкы азая баштайт деп күтүүдө.

Глобалдык сандардын артында чоң демографиялык ар түрдүүлүк бар. БУУнун маалыматы боюнча, 2050-2050-жылдар аралыгында калктын өсүшүнүн жарымынан көбү сегиз гана өлкөгө туура келет.  Алар: Конго Демократиялык Республикасы, Египет, Эфиопия, Индия, Нигерия, Пакистан, Филиппин жана Танзания.

Кылымдын аягында дүйнөдөгү эң жыш калктуу үч шаардын аты аталды. Булар: Нигериядагы Лагос, Конго ДРдагы Киншаса жана Танзаниядагы Дар-Эс-Салам.

Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>