Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, нөшөрлөп жамгыр жаап, катуу шамал жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минитсрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-27-август күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.