Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулат

15.03.2026 | 17:16

Борбор калаанын чок ортосунда «коробка» деген ат менен белгилүү болгон жер үстүндөгү курулуш жок кылынат. Объектти бузуу чечими конструкциянын ээлеринин, муниципалдык бийликтин жана «Ташболот Холдинг» компаниясынын ортосундагы макулдашуунун натыйжасында кабыл алынган.

Холдингден такташкандай, бул курулуш Old Bishkek долбооруна тиешеси жок жана сырттан үч ээсине таандык. Объекттин тегерегиндеги коомдук талкуунун фонунда кырдаалды жөнгө салуу үчүн компания менчик ээлери жана Бишкек мэриясы менен сүйлөшүүлөрдү демилгелеген. Бузуу боюнча иштердин техникалык бөлүгүн Old Bishkek долбоорунун командасы өзүнө алат.

Бузуу иштери аяктагандан кийин тилке толугу менен ачылып, көрктөндүрүлөт. Холдингдин жетекчиси Назгүл Түлеева чечим коммерциялык максаттардан көрө шаардын кызыкчылыгын биринчи орунга коюу менен шартталганын билдирди. Ал курулуш ээлеринин конструктивдүү мамилеси Бишкектин жашоочуларынын кызыкчылыгындагы мунасага (компромисске) келүүгө мүмкүндүк бергенин белгиледи.

Old Bishkek долбоорун мындан ары ишке ашыруу жалаң гана жер астындагы бөлүктө жүргүзүлөт. Компания ошондой эле жакын жайгашкан мурдагы «Арбат» объектисинин тилкеси башка ээси бар өзүнчө аймак экенин кошумчалады. «Ташболот Холдинг» бул тилкенин ээси менен шаар бийлигинин ортосунда аймакты мындан ары өнүктүрүү маселелери боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишилет деген үмүтүн билдирди.

Scroll to Top