Бакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — КуловБишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты аяктады. Кыргызстандын капчыгында 5 алтын бар«Баатыр эне» энелердин балдарына ЖОЖдордо окуу үчүн 50% жеңилдик берүү сунушталуудаАзия чемпионаты: Эркин күрөш боюнча кыргызстандык төрт балбан коло медаль уттуСадыр Жапаров «Дордойдун» ээсин сынга алып, түштүктөгү базарларында реформа жарыяладыТрамп Ормуз кысыгын бөгөттөөгө буйрук берди – ИРСК жооп кайтарды
Чүйдө тоодогу ири өрттү өчүрүү иштери бүгүн улантылат
11.08.2025 | 09:12

10-августта Чүй облусунун Панфилов районунун Орто-Арык айылындагы тоодон чыккан өрттү өчүрүү иштери кеч киргенине жана тоонун боорунан таштардын кулап, кооптуу абал түзүлгөнүнө байланыштуу саат 21:45те токтотулду.
ӨКМдин маалыматына ылайык, өрттү ооздуктоо иштери министр Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө 9-августтан бери жүрүп жатат.
Учурда жеринде Мамлекеттик аңчылык чарбасынын 4 кызматкери жана айыл аймактан 2 кызматкер нөөмөттө калды. Өрттүн болжолдуу аянты 100 гектарды түзүүдө.
Бүгүн, 11-августта өрттү өчүрүү иштери улантылат. Бүгүнкү күндө Чүй облусу боюнча ӨКМ башкармалыгынын башчысынын орун басары полковник Ч. Боскунчиевдин жетекчилигинде 46 адамдан турган ыкчам топ тартылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар