Бишкек — Балыкчы поезди 3 жана 4-октябрда кошумча каттамдарды аткаратЛегендарлуу америкалык мушкер Рой Жонс Ош шаарына келдиКРСУда Михаил Ботвинник атындагы шахмат клубу ачылдыМээрим Жуманазарова Азия оюндарында коло медаль уттуБишкектеги транспорт: бүгүн борбор калаада эмнелер менен жүрүүгө болотКабмин НИИЖСТО жетекчилигин чечимдерди создуктурганы үчүн сынга алды
Владимир Путин жана Садыр Жапаров телефон аркылуу сүйлөштү
10.08.2025 | 23:00

Россиянын Президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү. Бул тууралуу Президенттик администрация кабарлады.
Путин кесиптешине АКШнын атайын чабарманы Стивен Уиткофф менен болгон сүйлөшүүнүн жыйынтыгы жана Дональд Трамп менен Аляскада өтө турган жолугушуу тууралуу маалымат берди.
Жапаров саясий-дипломатиялык жол аркылуу кризисти чечүү аракеттерин колдоорун билдирди.
“Мамлекет башчылар аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулап, эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагында кызматташуунун келечегине токтолушту”,-деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар