Чыңгыз Айдарбеков мандат берүүнү талап кылып БШКга арыз жаздыБашка адамдардын талаасында мал жайган жана чипи жок малды алуу сунушталуудаКР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталды
Чычкандан агып кеткен айымдын сөөгү табылды
06.09.2021 | 09:17
Ош-Бишкек жолундагы Чычкан капчыгайынан достору менен эс алып жүрүп сууга агып кеткен айымдын сөөгү табылды. Бир айдан ашык убакыт издеп жүрүп сөөгүнүн табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарларды.
Адамдын сөөгү Бишкек-Ош жолундагы суудан табылган, учурда туугандарына берилген. 20-августтан бери суу бир аз тартылып калган.
Ушул жылдын 2-август күнү 1960-жылы туулган аял Чычкан капчыгайынын Мрамор тилкесинен колун жууйм деп атып сууга кирип кетип, дайынсыз жоголгон. Анын жанында бир эркек, бир аял болгон. Алар агып кеткен шеригин кармоого үлгүрбөй калышкан. Окуя болоор замат тиешелүү органдарга кабар беришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом