Бишкекте Борбор Азия жана Индия форматындагы коопсуздук кеңештеринин катчыларынын үчүнчү жолугушуусу өттүОнлайн эмес: Бишкектеги мектептер эртең кадимки тартипте иштейтОвсюктун жаңы коркутуусу: бул жолу Бишкектеги соода борборлоруОкуучуларды коркуткан адамдын өздүгү аныкталдыБишкектеги мектептер 17-октябрда онлайн форматка өтөтБишкекте белгисиз адам окуучуларды коркуткан— мектептер курчоого алынып, балдар эвакуацияланды
Чүй: 400 метр телефон зымын уурдаган киши колго түштү
15.11.2021 | 11:16
31-октябрынан 1-ноябрга караган түнү Чүй районунда жайгашкан иш-каналардын биринин 400 метрлик телефон зымын белгисиз бирөөлөр уурдап кеткен. Бул туурасында Чүй облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Келтирилген матиалдык чыгым 80 миң сомго бааланган. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Ыкчам аракеттен улам кылмышка шектелип 27 жаштагы С.О. аттуу жаран кармалган. Териштирүү учурунда кылмышка шектүү жарандын дагы ушул сыяктуу бир кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталган. Анда 500 метрлик зым уурдалып, келтирилген чыгым 99 миң сомду түзгөн.
Сотко чейинки тергөө иштери улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом