Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
Бишкек: Унаалардын дөңгөлөктөрүн уурдап жүргөн жаран табылды
15.11.2021 | 10:42
Ушул жылдын 30-октябрь күнү Таш-Көмүр көчөсүндөгү үйүнүн жанында токтоп турган Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаасынын төрт дөңгөлөгүн уурдатып жиберген тургундун буюмдары табылды. Бул туурасында Октябрь райондук милицясы билдирди.
Маалыматка караганда, ыкчам аракеттин натыйжасында милиция кызматкерлери 26 жаштагы жаранды кармады. Көрсө, ал уурдаган дөңгөлөктөрдү өзүнүн автоунаасына тагып алган. Мүлк ээсине кайтарып берилген.
Кылмышка шектүү Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Шектүүнүн ушул сыяктуу төрт кылмыш ишине тиешеси бар экени аныкталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом