Чүй облусунда Сербиядан жүзүмдүн жаңы сорттору өздөштүрүлүүдө

28.05.2025 | 12:23

Сербиядан келген жүзүмдүн жаңы сорттору Чүй облусунда өздөштүрүлүүдө.

Айыл чарба министрлигини маалыматына ылайык, “Жайыл” айыл чарба өндүрүш кооперативинде Сербиядан келген көчөттөрдү колдонуу менен жүзүмзарларды отургузуу иштери башталды.
1 гектар аянтка атайын отургузуу схемасы боюнча «Мустанг Италия», «Мустанг Гамбург» жана «Виктория» сорттору эгилген.

Демилге тармактын жалпы оң динамикасына туура келет: 2024-жылы Кыргызстанда жүзүм өндүрүү 17,2%га өсүп, 5990,1 тоннаны түздү, ал эми түшүмдүүлүк гектарына 12,3 центнерден 22,6 центнерге чейин өстү.

Жүзүмчүлүк айыл чарбасын өнүктүрүүнүн перспективдүү багыты болуп эсептелет. 2025-2029-жылдарга багбанчылыкты жана жүзүмчүлүктү өнүктүрүү программасы бекитилди, ал өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдап, жаңы жумуш орундарын түзүүгө тийиш.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top