КРда iDyikan ишке кирет: тиркеме тууралуу министр айтып бердиОшто үйлөрү бузулган үй-бүлөлөргө «Эне-Сай» конушунан турак жайлар берилдиТаш-Көмүр жана Кара-Көлдүн тургундары президентке көйгөйлөрүн айтып бериштиМисирдин Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Самех Фарук Мохамед Шехата дайындалдыАлдамчылыкка шектелген БШКнын депутаты үй камагына чыгарылдыКыргызстанда калкка сатылуучу көмүрдүн баасына 90 күнгө мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди
Кыргызстан эл аралык капитал рыногуна 700 миллион доллар еврооблигация жайгаштырды
28.05.2025 | 12:27
Кыргызстан биринчи жолу эл аралык капитал рыногуна чыгып, 700 миллион доллар өлчөмүндөгү еврооблигацияларды жылдык 7,75% менен беш жылдык мөөнөткө жайгаштырды.
Белгилүү болгондой, инвесторлордун суроо-талабы сунуштан үч эседен ашык ашып, 2,1 миллиард долларга жеткен. Жайгаштырууга Улуу Британиядан, АКШдан, Европадан жана Азиядан 100дөн ашык инвесторлор катышты.
Чогулган каражаттар инфраструктураны жана энергетиканы өнүктүрүүгө, ошондой эле мамлекеттик каржыны чыңдоого жумшалат.
Ийгиликтүү жайгаштыруу өлкөнүн финансылык туруктуулугуна жана анын макроэкономикалык саясатына ишеним артып жатканын тастыктайт.
Рубрики: Жаңылыктар