Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Чүй-Шопоков көчөлөрүнүн кесилиши жарым-жартылай жабылды
31.03.2025 | 16:36
Бүгүн, 31-марттан тарта Бишкек шаарындагы Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде жер алдындагы өтмөктүн курулушуна даярдыктар башталды. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, курулушка байланыштуу аталган жол бөлүгү транспорт үчүн жарым-жартылай жабылды.
Ал эми 9-май Жеңиш майрамынан кийин Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштери үчүн толугу менен 6-8 айга жабылат.
Эске сала кетсек, буга чейин Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде эскалатор, заманбап лифт, тейлөөчү объектилер жайгашкан жаңы жер астындагы өтмөктүн жана 220дан ашуун унаа токтотуучу жайдын курулары айтылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом