18-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаайтАКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү
Чет элдик номурлуу автоунааларды каттоо 1-апрелден башталат
31.03.2025 | 17:55
1-апрелден тарта чет өлкөлөрдөн ташып келинген жана мамлекеттик каттодон өтпөгөн автоунааларды мыйзамдаштыруу башталат. Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.
Каттоо ушул жылдын 1-октябрына чейин аталган агенттиктин аймактардагы бардык бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт.
Маалыматта айтылгандай, 2024-жылдын 31-декабрына чейин өлкө аймагына алып келинген, чет мамлекеттердин каттоо номерлери бар, бирок укук белгилөөчү документтери жок автоунаалар мыйзамдаштырылат.
Мындай унааларга 10-аймактын мамлекеттик номерлери берилет. Аларды сатууга, өлкөдөн чыгарууга жана алар менен такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салынат.
Автоунааны мыйзамдаштыруу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) аккредиттелген реестрине кирген лаборатория тарабынан берилген транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздук күбөлүгү (СБКТС);
- Визуалдык кароо жана фотофиксация үчүн унаанын өзү;
- Укуктуу орган тарабынан бекитилген формадагы арыз;
- Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо жаатындагы орган тарабынан бекитилген форма боюнча арыз;
- Паспорт;
- Транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүк (эгер бар болсо);
- Унаага болгон менчик укугун тастыктаган документ (эгер бар болсо);
- Автоунаанын издөөдө жок экендиги, күрөөгө коюлбагандыгы, соттук талашта эместиги, камакка алынбагандыгы жана такси катары колдонулбай тургандыгы тууралуу милдеттенме;
- Чек ара көзөмөл органдары тарабынан берилген транспорт каражатынын мамлекеттик чек арадан өткөндүгүн тастыктаган маалымкат. Эгер мындай маалымкат жок болсо, унаанын өлкөгө кирген датасы 2024-жылдын 31-декабры деп эсептелет;
- Мамлекеттик каттоо, атайын бланкалык продукция жана мамлекеттик номер белгилери үчүн төлөмдөрдүн квитанциялары (төлөм электрондук системалар аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн);
- Каттоо, атайын бланкалык продукция жана мамлекеттик номер белгилери үчүн төлөмдөрдүн квитанциялары (төлөм электрондук төлөм системалары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн);
- Мыйзамдаштыруу үчүн 100 миң сом өлчөмүндөгү төлөмдүн квитанциясы.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом