Чүйдө 104 үй-бүлө чакан ишкана ачууга 100 миң сомдон алышты

Чүйдө 104 үй-бүлө чакан ишкана ачууга 100 миң сомдон алышты

Чүй районунда жана Токмок шаарында 104 үй-бүлө социалдык контракт түзүштү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментинин директору Актан Балбаков быйылкы социалдык контракттын катышуучуларына сертификаттарды тапшыруу учурунда билдирди.

«Ушул жылы «Социалдык контракт» программасы 23 миң үй-бүлөнү камтыйт. Алардын ичинен 20 миң үй-бүлө республикалык бюджеттен, 3 миңи Дүйнөлүк банктын каражаттарынын эсебинен каржыланат.

Эки жылдын ичинде “Социалдык контракт” программасы боюнча Чүй районунда жана Токмок шаарында 103 жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлө негизинен, айыл чарбасында жана өндүрүш чөйрөсүндө жеке бизнесин ачышкан. Ушул жылы Чүй районунда жана Токмок шаарында 104 үй — бүлө социалдык контракт түзүшкөн. Бүгүн Токмок шаары боюнча 31 үй-бүлө 100 миң сомдук сертификаттарды алышты”, — деди ал.

Сертификаттарды тапшыруу аземине Токмок шаарынын вице-мэри Нурбек Сагынбек уулу, Чүй-Токмок шаардык кеңешинин депутаты Чолпон Сыдыкова катышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>