«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Антимонополиялык жөнгө салуу кызматынын жетекчиси алмашты
18.02.2026 | 12:09
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу кызматынын төрагасы болуп Айбек Мамыралиев дайындалды. Бул маалыматты аталган мекеменин басма сөз кызматы Reporter.kg басылмасына расмий түрдө тастыктады.
Айбек Мамыралиев бул дайындоого чейин аталган кызматтын төрагасынын орун басары болуп иштеп келген.
Ал бул кызматта буга чейин жетектеп келген Жеңалы Орозбаевди алмаштырды. Жалпыга маалымдоо каражаттарында белгиленгендей, мекеменин мурдагы жетекчиси үстүбүздөгү жылдын 10-февралында мамлекеттик кызматтарынан кеткен УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин классташы болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика