БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Чүйдө 15 жаштагы баланы тоноп кеткен шектүү кармалды
20.12.2023 | 15:06
Чүй облусунда мектеп окуучусун тоноп, телефонун алып кеткен 23 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, быйыл 7-июнда болжол менен саат 18:00до Жайылдагы аймактык оорукананын жанында белгисиз жаран 15 жаштагы өспүрүмдүн Айфон 10 телефонун тартып алган. Бул боюнча баланын апасы 9-июнда милицияга арыз менен кайрылган.
Аталган факт оюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 23 жаштагы И.Р. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоо жайга камакк алынды.
Учурда милиция шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугун текшерүүдө. Иликтөө иштери уланууда.