Чүй облусунун Жайыл районунда Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон 28 жаштагы эркек адам 3 күндөн бери изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Бүгүн, 22-майда издөө ишине 8 куткаруучу, 1 дрон тартылды.
ӨКМнын маалыматында, 19-майда болжол менен саат 19:00 чамасында 1997-жылы туулган Ж.Э. аттуу эркек киши Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып кеткен бойдон келген эмес. Кайырмагы суунун жээгинен табылып, өзү дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат “112” кызматына түшкөн.
Ошондон бери аны издөө иштери жүрүп жатат.