БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Чүйдө айдоочу рулга ээ боло албай бакты сүзүп, эки адам каза болду
10.10.2023 | 11:53
Чүйдүн Жайыл районунда Hyundai Sonata унаасы кырсыктап, эки адам каза болду, дагы бир киши ооруканага түштү. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсык 9-октябрда болжол менен саат 16:30да Калинин – Жон-Арык жолунун 4-чакырымында болгон. Hyundai Sonata унаасынын 38 жаштагы айдоочусу Б.Р. түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып, рулга ээ боло албай, жолдун жээгине чыгып кетип, бакты сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен айдоочу менен бир жүргүнчү окуя жеринде каза тапкан. Дагы бир адам жабыркап, Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз