Жөлөк пул чегерүүдө коррупциялык түзүмдөр бар — депутат

Жөлөк пул чегерүүдө коррупциялык түзүмдөр бар — депутат

«Жөлөк пул алуу үчүн көп балалуу энелер мамлекеттик органдын өкүлдөрүнө пара берүүгө аргасыз», — деп билдирди депутат Жусупбек Коргонбай уулу бүгүн Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери комитетинин жыйынында.

Жыйында социалдык камсыздоо жана эмгек министринин орун басары Жаңыл Алыбаева жыл башынан бери 437 этникалык кыргыз «Кайрылман» макамын алып, анын тогузу жөлөк пул алууга арыз бергенин маалымдады.

Жусупбек Коргонбай уулунун айтымында, мамлекеттик мекемелерде туруктуу коррупциялык түзүм иштегендиктен кайрылмандар гана эмес, жергиликтүү жарандар дагы жөлөк пул алууга умтула беришпейт.

«Ага баягы эле бюрократия тоскоол болот.  Андан сырткары, акча талап кылмай. Мисалы, 7-8 баланын энеси жөлөк пул сурап келсе, акча сурайт. Бере албаса, чегериле турган балдардын 2-3 айлык жөлөк пулуна берүүгө кол койдуруп алышат. Иш кагаздарынын бүткөнүнө кубанган келин макулдугун берет. Бул көйгөй өтө курч», — дейт депутат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>