Чүй облусунда Ашмара дарыясында суу сактагыч куруу пландалууда. Аны сала турган компанияны аныктоо үчүн тендер жарыяланды.
Суу сактагычты курууга 726 млн 367,9 миң сом каралган.
Тендер боюнча арыздар 20-ноябрга чейин кабыл алынат.
Курулуш иштери 2028-жылдын аягына чейин бүткөрүлүшү керек.