Ички иштер министрлигинин Баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча кызматы тарабынан нашаа баңгизатын сатууга шектелип үч адам кармалды.
Малыматка караганда аталган кызматка Бишкек жана Чүй облусунда баңгизат сатып жүргөн топ тууралуу ыкчам маалымат түшүп, ал боюнча Кылмыш кодексинин 282-беренеси (Сатуу максатында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) боюнча иш козголгон.
Атайын тергөө иш-аракеттерин жүрүшүндө Аламүдүн районунда (Чүй облусу) убактылуу жашаган «Ака» каймана аты бар белгисиз адамдан нашаа сатып алып, тааныштарына сатып жүргөн «Шах» аттуу жаран аныкталган.
«Ака» каймана аты бар баңгизат сатуучусун аныктоо иштеринин жыйынтыгында 20-сентябрда Лебединовка айылындагы Маданият үйүнүн жанынан милиция кызматкерлери тарабынан 54 жаштагы И.Ю., 65 жаштагы С.Б. жана 67 жаштагы Б.Ж. аттуу жарандар кармалган.
Аларга өздүк кароо жүргүзүү учурунда шектүүлөрдүн биринин шымынын оң чөнтөгүнөн кара куурайдын жыты бар, өсүмдүк тектүү кара-күрөң зат салынган беш ширеңке кутучасы табылып алынган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча алардын салмагы 83,18 граммды түзгөн.
Ошондой эле экинчи шектүүдөн ширеңке кутучасына салынган кара-күрөң түстөгү, өсүмдүк тектүү, кара куурайдын жыты бар зат табылган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча анын салмагы 19,02 граммды түзгөн.
Андан тышкары, Б.Ж. аттуу шектүүнүн үйүндө ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, муздаткычтын ичинен куурайдын өзгөчө жыты, 476 даана кара-күрөң кесек зат табылып алынган, Экспертизанын жыйынтыгы боюнча анын салмагы 3 килограмм 277,6 граммды түзгөн.
Кармалгандар Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз