Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Чүйдө өспүрүм кызды зордуктоого шектелип официант кармалды
09.08.2022 | 11:02
Бишкек шаарындагы “Алтын казына” кафесинин официанты кызды зордуктаган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 7-августта Аламүдүн районундагы милиция бөлүмүнө У.Ж. аттуу жаран кайрылып, анда ал 7-августка караган түнү Лебединовка айылында анын 17 жаштагы кызын зордуктаган белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында кылмыш иши козголгон. Шектүүнүн өздүгү такталып, суракка алынган. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Кылмышка шектүү делип 2002-жылы туулган У.Э. кармалып, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом